Мексикада 5,3 баллдык жер титирөө болду

Жетекчилер жер титирөөдө адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилбегендигин билдирди.

1867331
Мексикада 5,3 баллдык жер титирөө болду

Мексиканын Мичоакан штатында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду.

Улуттук сейсмологиялык кызмат (SSN) эпицентри Мичоакан штатындагы Хуэтамо шаарынан 34 километр батышта болгон 5,3 баллдык жер титирөөнүн тереңдигин 56 километр деп жарыялады.

Жетекчилер жер титирөөдө адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилбегендигин билдирди. Жер титирөөнүн борбор шаар Мехикодо да сезилгени маалымдалды.

Президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор  Твиттер баракчасынан берген  билдирүүсүндө жер титирөөнүн эч кандай кыйынчылыксыз өткөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар