G7 өлкөлөрүнөн Орусияга чакырык

Чоң жетилик өлкөлөрү менен Евробиримдик биргелешкен билдирүү жарыялашты.

1866597
G7 өлкөлөрүнөн Орусияга чакырык

Чоң жетилик өлкөлөрү менен Евробиримдик Орусияны, өз көзөмөлүнө алган Запорожье атомдук станциясын тез арада Украинага кайтарууга чакырды.

Чоң жетиликке кирген АКШ, Франция, Канада, Германия, Италия, Япония, Британиянын тышкы иштер министрлери менен ЕБнин биргелешкен билдирүүсүндө Украинага каршы 24-февралда согуш ачкан Орусиянын айыпталганы белгиленди.

Биргелешкен билдирүүдө: «Орусия Украинанын эл аралык таанылган аймагынан аскерлерин дароо чыгарып кетүүсү жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтоосу керек»,- деп айтылды.

Орусиянын Запорожье атомдук станциясындагы көзөмөлүнүн аймакты коркунучка салганы баса белгиленген билдирүүдө: «Орусия Украинанын Запорожье атомдук электр станциясын жана атомдук иш-аракеттеринин бардык көзөмөлүн дароо Украина мамлекетине өткөрүп бериши керек»,-деп кабарланды.

Ошондой эле Украинанын атомдук объектилеринин басылып алынышы атомдук кырсык, Украина калкы үчүн кооптуу, чөйрөдөгү өлкөлөр жана эл аралык коомчулук үчүн коркунуч экени маалымдалды.



Тектеш кабарлар