Японияда катуу ысык: 5 адам каза болду

Метеорология агенттиги (JMA) катуу ысыктын келерки аптага чейин улана турганын жарыялады.

1865866
Японияда катуу ысык: 5 адам каза болду

Японияда таасирдүү болгон катуу ысыктан 1 жумада 5 адам каза болду.

Япониянын Ички иштер жана коммуникация министрлигинин табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги 7-августка чейинки бир апталык мөөнөттө катуу ысыктын айынан 5 кишинин каза болгонун кабарлады.

Бул убакта 3 миң 982си 65 жаштан жогору болгон 7 миң 218 адам күн өтүүгө байланыштуу белгилерден улам ооруканага жаткырылды.

Метеорология агенттиги (JMA) катуу ысыктын келерки аптага чейин улана турганын жарыяласа, борбор Токиого жакын жердеги Сайтама облусунда термометрлер 38 градусту көрсөттү.

34 градус жана андан жогору температура Токиодо жана башка аймактарда да байкалды.

Күндүн катуу ысып кетүү коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү кайталаган адистер зарылчылык болбосо сыртка чыкпоону, кондиционерди колдонууну жана сууну көп колдонууну сунушташты.



Тектеш кабарлар