Запорожье аймагындагы псевдоадминистрация Орусияга кошулуу үчүн референдум өткөрүлөрүн билдирди

Орус басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, «Биз Орусия менен биргебиз» форумуна Орусиянын көзөмөлүндөгү Запорожье аймагынын администрация башчысы делген Евгений Балицкий катышты.

1865454
Запорожье аймагындагы псевдоадминистрация Орусияга кошулуу үчүн референдум өткөрүлөрүн билдирди

Украинанын Запорожье аймагындагы орусиячыл псевдоадминистрация Орусияга кошулуу үчүн референдум өткөрүлөрүн билдирди.

Орус басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, «Биз Орусия менен биргебиз» форумуна Орусиянын көзөмөлүндөгү Запорожье аймагынын администрация башчысы делген Евгений Балицкий катышты.

Балицкий өз сөзүндө аймактын Орусия менен биримдиги үчүн референдум өткөрүү чечимине кол койгонун билдирди.

Референдумду күздүн башында өткөрүү пландалып жатканы айтылат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мурунку күнкү билдирүүсүндө, Орусия Украинанын аймагында мыйзамсыз референдум өткөрүү менен Киев администрациясы жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жогото турганын айткан.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков жогоруда айтылган референдумду алар уюштурбаганын айтып: «Бул тургундардын планы, биз референдум өткөрбөйбүз», - деди.



Тектеш кабарлар