Швейцария Түркияны кубаттады
Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Швейцария Украинадан 12 миң тонна эгин ташыган кеменин Түркияга келишин кубаттайт»,- деп айтылды.
Швейцария, Украина-Орусия согушунан кийин глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын координациясында ишке ашырылган дан ташууга колдоо билдирүүсүн жасады.
Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Швейцария Украинадан 12 миң тонна эгин ташыган кеменин Түркияга келишин кубаттайт»,- деп айтылды.
Билдирүүдө Кара деңиз дан демилгесин ишке ашыруунун глобалдык азык-түлүк коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экени жана муктаж болгон коомчулуктар үчүн чоң жеңилдик болоору баса белгиленди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде 22-июлда Стамбулда Түркия, Орусия Федерациясы, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда «Украина портторунан эгин жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгеси документине» кол коюлган.
Биринчи кеменин жөнөтүлүшү 1-августта ишке ашырылса, ушул убакка чейин Украина портторунан Босфор кысыгына жана андан Ливан, Ирландия, Британия, Италия жана Кытайга жалпысынан 305 миң 458 тонна эгин коопсуз түрдө жөнөтүлдү.