Блинкен: "Африка өлкөлөрү тең укуктуу өнөктөш"

Энтони Блинкен 7-8-августта Түштүк Африка Республикасына болгон сапарынын алкагында Претория университетинде сүйлөдү.

1865438
Блинкен: "Африка өлкөлөрү тең укуктуу өнөктөш"

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Африка өлкөлөрүн тең укуктуу өнөктөш катары эсептегендерин айтты.

Энтони Блинкен 7-8-августта Түштүк Африка Республикасына болгон сапарынын алкагында Претория университетинде сөз сүйлөдү.

АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун Африка саясатына байланыштуу билдирүүлөрдү жасаган Блинкен, өлкөсүнүн Африкага берген маанисине көңүлдөрдү бурду.

Блинкен: «АКШ бардык 54 Африка өлкөсүн тең укуктуу өнөктөш катары эсептейт»,-деди.

АКШнын Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүн чоң стратегиялык күч катары көргөнүн белгилеген Блинкен, өлкөсүнүн Африка өлкөлөрү менен экономика, климат, энергетика, демократия жана эл аралык карым-катнаштар темаларында тең укуктуу өнөктөш катары чогуу иштешүүнү каалаганын билдирди.

Блинкендин Йоханнесбургда 7-августта башталган Африка сапары Түштүк Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы жана Руанданы камтыды.

Блинкендин бул сапарынын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Африкага сапарынан дароо кийин болушу көңүлдөрдү бурууда.

Африка өлкөлөрүнүн Орусия-Украина кризисиндеги бейтарап жана диалогду жактаган позициясы бул сапардын маанилүү күн тартип беренелеринин бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар