Песков: «Түркия сүйлөшүүлөрдө маанилүү роль ойнойт»

Орусиянын Президенттик сарайынын  (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор калаа Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

1865080
Песков: «Түркия сүйлөшүүлөрдө маанилүү роль ойнойт»

Орусиянын Президенттик сарайынын  (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков 24-февралдан бери күрөшүп жаткан Украина менен сүйлөшүүлөрүндө Түркиянын маанилүү роль ойногонун айтты.

Дмитрий Песков борбор калаа Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Стамбулда жолугушуу сунушун баалаган Песков: «Президент Эрдогандын Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү үчүн абдан жакшы шарттарды түзүүдө абдан маанилүү роль ойноорун билебиз. Президент Эрдоган да тынчтык процессинин башталышы үчүн да аракет кылууда»,-деди.

Песков:«Бирок украин делегациясы радарга дээрлик көрүнбөй калды. Учурда сүйлөшүү процесси жок»,-деп айтты.

Түркия менен Орусиянын ортосунда көбөйүшү күтүлгөн улуттук акча соодасына токтолгон Песков, доллардын ишенимдүү резерв валюта эмес экенин айтты.

Көптөгөн өлкөлөрдүн соодадагы доллардын үлүшүн азайтууну жана улуттук валюталардын үлүшүн көбөйтүүнү каалап жатканын түшүндүргөн орус катчысы:«Ошол эле нерсе Түркия менен болгон мамилебизде да болуп жатат. Газдын бир бөлүгүн рубль менен төлөө боюнча маанилүү келишимге жетиштик. Улуттук валюталардын үлүшү мындан ары да өсөт деп ишенебиз»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар