Орусиянын Украинадагы чабуулдары уланып жатат

Конашенков 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

1865164
Орусиянын Украинадагы чабуулдары уланып жатат

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинанын Харьков, Запорожье жана Херсон аймактарында 19 даана көп стволдуу HIMARS ракета аткыч системасына абадан сокку урулганын кабарлады.

Конашенков 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

Украинанын куралдуу күчтөрүнө караштуу 92-механикалаштырылган бригаданын Харьков аймагындагы убактылуу позицияларына жасалган кол салуунун натыйжасында 150 чакты аскер, 14 бронетранспортёр жана унаанын жок кылынганын белгилеген Конашенков, Херсон жана Николаев областтарында 63-механикалаштырылган бригадага таандык 70 аскер менен 14 машинанын атылганын маалымдады.

«Кракен» батальонунун согушуу мүмкүнчүлүгүн жоготкондугун айткан Конашенков, орус армиясынын Украинадагы аскерий элементтерге чабуулун улантып жатканын билдирди. 

Акыркы 24 саатта Украина армиясынын 5 башкаруу борбору, 5 ок-дары кампасы жана күйүүчү май цистернасынын жок кылынганын, 7 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн маалымдаган Конашенков: «Харьков, Запорожье жана Херсон аймактарында америка өндүрүшү 19 HIMARS көп стволдуу ракета аткычтарга абадан сокку урулду»,-деди.

Орус өкүлү: «Украинада бүгүнкү күнгө чейин 263 учак, 145 тик учак, 1708 учкучсуз учуучу аппарат, 363 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4269 танк жана бронетехника, 791 көп стволдуу ракета аткычтар, 3276 гаубица жана минометтор, ошондой эле 4774 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар