Газада ок атышпоо камсыздалды

Израиль менен Газадагы Исламий Жихад кыймылынын Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн ок атышпоо келишиминин жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.30дан тарта күчүнө киргени жарыяланды.

1864839
Газада ок атышпоо камсыздалды

Израиль менен Газадагы Исламий Жихад кыймылынын Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн ок атышпоо келишиминин жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.30дан тарта күчүнө киргени жарыяланды.

Кыймылдын жазуу түрүндөгү билдирүүсү:«Египеттин Израилдин түрмөлөрүндө ачкачылык жарыялап жаткан Халил Ававде менен дүйшөмбү күнү кармалган Исламий Жихаддын башкаруучусу Бессам Саадинин бошотулушу үчүн иштөө милдеттенмесинин негизинде жана кеңешүүлөрдөн кийин ок атышууну токтотуу бүгүн түнкү саат 23.30да башталат деп жарыялайт»,деген сөздөрдү камтыды.

Билдирүүдө ар кандай чабуулга жооп берүү укугу сакталып калганы белгиленди.

Израилдин Улуттук Элдик дипломатия төрагалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө ок атышпоонун саат 23.30да башталары белгиленди.

Египеттин аракеттеринен улам ырахмат айтылган билдирүүдө, «Эгер ок атышпоо келишими бузулса Израиль катуу жооп берүү укугун сактайт» деп белгиленди.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы болсо ок атышпоонун саат 23.30да расмий түрдө күчүнө киргенин жарыялап, мурдатан пландалган «согуштук учактар, тик учактар ​​жана куралдуу учкучсуз аппараттар ​​катышкан акыркы кол салуу аяктаганын» жарыялады.

Ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин Газа көчөлөрүндө майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Израилдин блокададагы Газа тилкесине 5-августта баштаган кол салууларынын үчүнчү күнүндө каза болгондордун саны 14 бала, 4 аял болуп бардыгы 44кө, жаракат алгандардын саны 360ка жеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар