Пакистанда эл өкүлүнө куралдуу кол салуу болду...

Кол салууда парламентарий Хандын бир тууганы, жээни жана аны коштоп жүргөн полиция жана жандарм каза болду.

1864665
Пакистанда эл өкүлүнө куралдуу кол салуу болду...

Пакистандын Хайбер-Пахтухнва провинциясында депутат Малик Лиякат Али Ханды бутага алган куралдуу кол салууда 4 киши каза болду.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан жетектеген Пакистандын Адилеттик кыймылы (PTI) партиясынын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын ассамблеясынын мүчөсү Малик Лиякат Али Ханга Ооганстан менен чектеш Ловер Дир аймагында кол салуу болгон.

Кол салууда парламентарий Хандын бир тууганы, жээни жана аны коштоп жүргөн полиция жана жандарм каза болду.

Оор жаракат алган Хан ооруканага жеткирилген.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.



Тектеш кабарлар