Тайвань, Кытай «аралга чабуулдун симуляцияларын» ишке ашырууда
Бул тууралуу Тайвандын Коргоо министрлигинен маалымат берилди.

Тайвань, Америка Кошмо Штатттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин иш сапарынан кийин башталган аскердик машыгуулардын үчүнчү күнүндө Кытай «аралга каршы чабуул симуляциясын» жасаганын билдирди.
Тайвандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Тайван кысыгынан Кытай Элдик Боштондук Армиясынын көп сандагы согуштук учактары менен кемелери байкалды, алардын айрымдары «ортоңку сызыктан» өтүп кетти. Бул аралдагы бутага жасалган чабуулдун симуляциясы болушу мүмкүн»,деген маалымат берилди.
Билдирүүдө унааларга радио аркылуу эскертүү берилгени, алардын артынан аскерий кайгуул учактары жана абадан коргонуу ракета системалары келгени белгиленди.
Ошол эле учурда министрлик кечээ кечинде Тайвань көзөмөлдөгөн Кинмен аралынын (Квемой) жана ага жакын кээ бир аралчалардын айланасында кытайлык 4 учкучсуз учуучу аппараттын учуп жүргөнүн билдирди.
Кинмен аралынын айланасында жана Лиею аралы менен Бейдин арачаларына жакын жерде учкучсуз учуучу аппараттардын көрүнгөндүгү жана Тайван армиясынын эскертүү үчүн факель менен атылгандыгы билдирилди.
Кимен аралы Кытайдын жээгинен 10 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.
Тайвандын Коргоо министрлиги мурдараак маалымдагандай, аралдын айланасында 68 согуштук учак жана 13 согуштук кеме көрүнгөн, алардын айрымдары тараптардын таасир чөйрөсүн чектеген номиналдуу «орто сызыктан» өткөн. Ошондой эле материктик Кытайдан атылган 11 башкарылуучу ракета Тайвандын «аймактык суулар» деп эсептеген жерине түшкөнү айтылды.
7-августка чейин созула турган машыгуулар Кытайдын эгемендик жаңжалында турган аралдын айланасында иш жүзүндө блокаданы жаратты. Алты аймакта өткөрүлгөн машыгуулардан улам кээ бир аймактар кеме жана учак кыймылына жабылса, кысыктагы коопсуздуктан улам каттамдардын үзгүлтүккө учурагандыгы билдирилди.
Тараптар тарабынан расмий түрдө таанылбаган «орто сызык» Кытайдагы жарандык согуштан кийин кысык жана анын айланасында чыр-чатактарды болтурбоо үчүн 1955-жылы АКШ тарабынан аныкталган.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.