Түштүк Корея айды изилдөө миссиясын баштады

Айдын орбитасын чалгындоочу аппаратка (КПЛО) 180 миллион доллардын сарпталганы белгилүү.

1864174
Түштүк Корея айды изилдөө миссиясын баштады

Түштүк Корея биринчи жолу Айды изилдөөчү КПЛО аппаратын космоско учурду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) космостук компаниясы SpaceX тарабынан Флоридадагы Канаверал космостук күчтөр базасынан Falcon 9 ракетасы менен учурулган Айды изилдөөчү аппарат Түштүк Кореянын Айга карай алгачкы кадамы болду.

Кореянын авиациялык жана космостук изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан Айдын орбитасын чалгындоочу аппаратка (КПЛО) 180 миллион доллардын сарпталганы белгилүү.

KPLO корей тилинде "Айдан ырахат алуу" дегенди билдирген "Данури" деп да аталат.

Космос жарышына катышкан Түштүк Корея акыркы жылдары бул тармактагы инвестициясын ылдамдатып, биринчи аракети ийгиликсиз болгондон кийин 21-июнда ата мекендик өндүрүштүк ракетасы «Нурини» экинчи жолу космоско жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар