ПКК террористтери кол салышты
Террористтер Сириянын түндүгүндөгү Азез районуна түндө 3 ракеталык кол салуу жасашты.
Сириянын Тель-Рыфат районунда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районуна ракеталык кол салуусунан 3 жаран жараланды.
Түркия менен Орусиянын ортосунда 2019-жылдын 22-октябрында жетишилген келишимге ылайык, ЙПГ/ПКК террористтери Тель-Рыфат районунан чыгып кетиши керек болчу бирок алар аймактагы калктуу конуштарга кол салуусун улантып жатышат.
Террористтер өлкөнүн түндүгүндөгү Азез районуна түндө 3 ракеталык кол салуу жасашты.
Террордук кол салууда жарадар болгон 3 жаран Азездеги ооруканаларга жеткирилип дарыланды.
Тель-Рыфатта абал
ЙПГ/ПКК террористтери 2016-жылдын февраль айында Орусиянын абадан колдоосу менен Тель-Рыфат жана анын айланасындагы кээ бир конуштарды басып алышкан.
Жикчил террордук уюм, Тель-Рыфат жана айланасында болжол менен 250 миң жарандын жер которуша себеп болуп аталган эл Түркия чек арасына жакын аймактарга баш калкалаган.
ЙПГ/ПКК бул жерден «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы аймагындагы отурукташуу жерлери менен коопсуздукту камсыздаган түрк коопсуздук күчтөрүнө жана оппозициячыл согушкерлердин турумдарына кол салууда.