Орусия Украинадагы чабуулдарын улантууда

Конашенков орус армиясынын Орусия-Украина согушундагы чабуулдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1864308
Орусия Украинадагы чабуулдарын улантууда

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков согуш башталгандан бери украин армиясына таандык 3267 гаубица жана миномёттун жок кылынганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Орусия-Украина согушундагы чабуулдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Орус күчтөрүнүн Украинадагы аскерий элементтерге карай кол салууларын улантканына көңүл бурган Конашенков, Украинанын Запорожье аймагында Украина куралдуу күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасынын убактылуу позициялары менен ок-дары сактоочу жайга жогорку тактыктагы ракеталар менен чабуул жасалганын айтты.

Конашенков: «Бул чабуулда 150 чакты аскерден тышкары, 2 "M777" гаубица системасы жана бул системалар үчүн колдонулган 1500гө чейин ок-дарылар, 6 "Мста-В" гаубицалык система, 8 түрдүү модификациядагы артиллерия, болжол менен 350гө жакын "Град" көп стволдуу ракета аткычтар жана 7 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды»,- деди.

Акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 4 башкаруу борбору менен 2 ок-дары кампасына сокку урулганын жана 4 учкучсуз учактын атылганын маалымдаган Конашенков мындай деп улантты:

«Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 261 учак, 145 тик учак, 1685 учкучсуз учуучу аппарат, 361 абадан коргонуу ракеталык система, 4254 танк жана бронетехника, 789 көп стволдуу ракета аткычтар, 3267 гаубица жана миномёттор, ошондой эле 4716 аскердик унаа жок кылынды».



Тектеш кабарлар