Орусия болгар дипломаттарын персона нон грата деп жарыялады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1864320
Орусия болгар дипломаттарын персона нон грата деп жарыялады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, өлкөдөгү 14 болгар дипломатын "персона нон грата" деп жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө Болгариянын Москвадагы элчиси Атанас Кристиндин министрликке чакыртылып, Болгар бийлигинин 70 орус дипломатын персона нон грата деп жарыялоосуна каршылык көрсөтүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө: «Болгар өкмөтүнүн орус дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрүнүн санын кыскартуу боюнча кадамдарына жооп иретинде элчи Кристинге Болгариянын Орусиядагы 14 кызматкеринин персона нон грата деп жарыяланганына байланыштуу нота берилди. Орусияга карата дос эмес кадамдардын Болгариянын жана элинин улуттук кызыкчылыктары менен эч кандай тиешеси жок экенине ишенебиз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар