Лавров Камбоджада актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады
Лавров АКШнын АСЕАНга коркунуч жаратканын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Индо-Тынч океан аймагындагы иш-аракеттеринин Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) коркунуч жаратканын билдирди.
Сергей Лавров Камбоджанын борбор шаары Пномпенде өткөргөн маалымат жыйында актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.
АКШнын Индо-Тынч океан аймагындагы аракеттерине баа берген Лавров: «АКШнын жана анын жакын союздаштарынын аймакта тар структураларды түзүүдөгү ишмердүүлүгү консенсустун жана өз ара урматтоонун негизинде иш алып барган Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) коркунуч жаратууда. Буга AUKUS (АКШ, Британия жана Австралиянын ортосундагы альянс) сыяктуу аскердик-саясий аракеттер да кирет. Индо-Тынч океан аймагында НАТОнун кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн AUKUSту колдонуу тенденциясы бар»,-деди.
Орусия менен АКШнын ортосунда камактагы орус жана америкалык жарандарды алмаштыруу темасына да токтолгон Лавров: «Биз бул маселени (Орусиянын президенти Владимир) Путин менен (АКШ президенти Жо Байден) макулдашкан каналдын алкагында талкуулоого даярбыз»,-деп айтты.
Министр Лавров Ирандын өзөктүк келишими боюнча болсо Тегеран администрациясынын позициясынын «туура» экенин жана АКШнын келишимге кайтып келиши керектигин баса белгиледи.