Кытай Пелосиге санкция салат

Нэнси Пелоси мурунку күнү Тайванга барган.

1864192
Кытай Пелосиге санкция салат

Тайванга барган АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге Кытай санкция салат.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Пелосинин Кытайдын тынчсызданууларына жана каршылыгына карабай Тайванга барганы, бул жүрүм-турумдун Кытайдын ички иштерине кийлигишүү экени, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузгандыгы, бирдиктүү Кытай принцибине каршы келгендиги жана Тайвань кысыгындагы тынчтык менен стабилдүүлүккө доо кетиргени баса белгиледи.

Билдирүүдө: «Кытай Пелосинин кара ниеттүү провокациясына жооп иретинде анын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө мыйзам чегинде санкция киргизүүнү чечти»,-деп айтылды.

Нэнси Пелоси мурунку күнү Тайванга барган.



Тектеш кабарлар