Орусия менен Украинанын ортосунда туткундагы жоокерлерди жана сөөктөрдү алмаштыруу

Александр Фомин чет элдик аскер атташелери менен өткөргөн жыйында Орусия-Украина согушуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1863561
Орусия менен Украинанын ортосунда туткундагы жоокерлерди жана сөөктөрдү алмаштыруу

Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин, согуш башталгандан бери туткундалган жана каза болгон аскерлердин сөөгүн алмаштырууга байланыштуу Украина менен 27 операциянын ишке ашканын айтты.

Александр Фомин, чет элдик аскер атташелери менен өткөргөн жыйында Орусия-Украина согушуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Украина менен туткундагы аскерлерди жана өлүктөрдү алмаштыруу темасына токтолгон Фомин, бул маселе боюнча Украинанын бийлиги менен диалогдун Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) катышуусунда уюштурулганын билдирди.

Фомин: «Бүгүнкү күнгө чейин 27 алмашуу операциясы жүргүзүлүп, 18 адам украин тарапка тапшырылды»,- деди.

Украинанын Оленовка отурукташкан жериндеги түрмөгө ракеталык кол салуунун 29-июлда жасалганын эске салган Фомин, бул кол салууда колго түшкөн украиналык аскерлерден 50сү каза болуп, 73үнүн жараланганына көңүлдөрдү бурду.

Александр Фомин: «Алардын көбү "Азов" батальонунун жоокерлери эле. 20-майда багынып берген "Азов" батальонунун аскерлери Оленовкадагы түрмөгө алынып келинген. Украин тарап аскерлерди ушул жерде калтырууну талап кылды»,-деди.



Тектеш кабарлар