Кытай армиясы Тайван кысыгында ракеталык машыгуу өткөрдү

Кытай армиясы АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапарынан кийин Тайван кысыгында ракеталык машыгуусун баштады.

1863659
Кытай армиясы Тайван кысыгында ракеталык машыгуу өткөрдү

Кытай армиясы АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапарынан кийин Тайван кысыгында ракеталык машыгуусун баштады.

Кытай Элдик Боштондук армиясынын Чыгыш фронтунун командирлигинен берилген маалыматта Тайвань кысыгынын чыгышындагы айрым аймактарга ракеталардын атылгандыгы, буталардын да ийгиликтүү атылгандыгы белгиленди. 

Коргоо министрлиги Пелосинин учагынын Тайванга баргандан кийин аралдын айланасында  "бир катар аскердик машыгуу" өткөрө тургандыгын жарыялаган. 

Аралдын түндүк, түштүк  -  батыш жана түштүк  -  батышында деңиз жана аба элементтери катышкан биргелешкен машыгуулар, чыгышында ракета сыноо жана Тайвань кысыгында узун аралыктуу артиллериялык атуулардын болору билдирилген. 

7 -  августка чейин созулушу күтүлүп жаткан машыгуулар Кытай эгемендик келишпестик ичинде болгон аралдын айланасында блокада түздү. 

Алты аймакта жүргүзүлгөн машыгуулардан улам кээ бир аймактар ​​кеме жана учак кыймылына жабылып,  кысык өтмөктө коопсуздук маселесинен улам каттамдардын токтотулганы билдирилди.

Бир тараптан Тайвандын Коргоо министрлиги кечээ кечинде Пелоси кеткенден кийин Кытай армиясынын учкучсуз учагынын Тайвандын Кинмен аралынын (Куемой) үстүнөн учуп өткөнүн билдирди.

1950-жылдардан бери Кинмендин үстүнөн бир дагы кытайлык учак учкан эмес.

Пелоси жана 5 кишилик Конгресс делегациясын ташыган учак Тайванга мурунку түнү келген.

Эки жумадан бери болжолдолуп жаткан жана АКШ менен Кытайдын ортосундагы чыңалууга себеп болгон сапар Пекинде реакция жаратты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин учагы Тайванга конгондон кийин жасаган билдирүүсүндө бул сапарды айыптаганын, Коргоо министрлиги болсо аралдын айланасында «бир катар аскердик машыгууларды» өткөрөрүн жарыялаган.

Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген Пекин бул сапарга “өзүнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу” катары баа берип, буга каршы катуу чараларды көрө турганын эскерткен. 

 



Тектеш кабарлар