Ковид-19 учурларынын азайышы

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) апталык Ковид-19 отчетунда, көбөйгөн учурлардагы акыркы абал боюнча маалыматтар бөлүшүлдү.

1863412
Ковид-19 учурларынын азайышы

Дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) чалдыккандардын санынын өсүү темпи акыркы 7 аптада биринчи жолу төмөндөдү.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) апталык Ковид-19 отчетунда, көбөйгөн учурлардагы акыркы абал боюнча маалыматтар бөлүшүлдү.

Отчетко ылайык, 25-31-июль күндөрү Ковид-19 учурларынын өсүү темпи мурунку аптага караганда 9 пайызга аз болду, ал эми 7 жумадан кийин биринчи жолу оорулардын санында олуттуу төмөндөө байкалды.

Ковид-19дан улам каза болгондордун саны болсо мурунку аптага салыштырмалуу туруктуу бойдон калды.

Акыркы жумада 14 миң өлүм жана 6,5 миллион жаңы учур катталса, жалпы каза болгондордун саны 6,3 миллион, жуктургандардын саны 574 миллион болду.

Глобалдык Ковид-19 учурлары июнь айынан бери 5 апта катары менен көбөйүп, 11-июлдан 25-июлга чейин бирдей ылдамдыкта илгериледи.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү, учурлардын көбөйүшүн жайкы сезондун башталышы менен эл аралык кыймылдуулуктун артышы, өлкөлөр тарабынан Ковид-19 чараларынын жеңилдетилиши жана BA.4 жана BA.5 суб-варианттарынын тез жайылышы менен байланыштырды.



Тектеш кабарлар