Европада ысык аба толкуну
Британиянын улуттук метеорология кызматы эскертти.
1863395
Рекорддук жылуулук байкалган Европанын жакынкы күндөрдө жаңы ысык аба толкунун таасири астында боло турганы билдирилди.
Британиянын улуттук метеорология кызматы Met Office, ысык аба толкунунун өлкө боюнча таасирдүү болоорун жана термометрлердин Европанын кээ бир аймактарында 39 цельсия градусту көрсөтөөрүн белгиледи.
Европага барууну пландап жаткан эс алуучуларга аба ырайынын ысыктыгынан этият болуу эскертилди.
Жакынкы күндөрдө абанын температурасынын Мадридде 39-41, Бордодо 37-38, Римде 36-37, Женевада 35-37 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө.