Кытай АКШны катуу айыптады

Нэнси Пелоси түшкөн учак Тайванга келгенден кийин дароо жарыяланган билдирүүдө Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул сапар Кытайдын каршылыгына жана нааразычылыгына карабастан болгону баса белгиленди.

1863043
Кытай АКШны катуу айыптады

Кытай Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын айыптады.

Нэнси Пелоси түшкөн учак Тайванга келгенден кийин дароо жарыяланган билдирүүдө Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул сапар Кытайдын каршылыгына жана нааразычылыгына карабастан, «Бир Кытай» принциби жана Кытай-АКШ дипломатиялык мамилелеринин негизин түзгөн Үч биргелешкен декларациядагы (1979) милдеттенмелер одоно бузулду деп билдирди.

Билдирүүдө Кытайдын каршы чыккан бул сапарды айыптаганы жана АКШга каршы чыкканы баса белгиленип: «От менен ойноо сыяктуу бул жүрүм-турум өтө кооптуу. От менен ойногон өзүн күйгүзөт»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Пелосинин сапары Кытайдын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузганы, Тайвань кысыгындагы тынчтык жана ырааттуулукка шек келтиргени, Тайвандын көз карандысыздыгын коргогон жикчил күчтөргө туура эмес билдирүү бергени белгиленип: «Дүйнөдө бир гана Кытай бар, ал эми Тайвань анын аймагынын ажырагыс бөлүгү. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү (КЭР) бүткүл Кытайдын жападан жалгыз мыйзамдуу өкүлү. Бир Кытай принциби эл аралык коомчулуктун жалпы кабыл алган консенсус, эл аралык мамилелердин негизги нормасы»,делди.

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи да Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын айыптады.

Министр Ванг Пелосинин сапары Кытайдын бардык эскертүүлөрүнө жана каршылыктарына карабастан, Кытайдын эгемендүүлүгүн кара ниеттик менен бузган атайылап жасалган саясий провокация болгонун ырастады.

Визиттин кытай элинин кыжырын келтиргенин баса белгилеген Ванг: «(Пелосинин сапары) кээ бир америкалык саясатчылардын Кытай-АКШ карым-катнаштарында «көйгөйлөрдү жаратып жатканын» дагы бир жолу далилдейт, ал эми АКШ болсо Тайвань кысыгындагы  тынчтыктын жана аймактык стабилдүүлүктүн «эң чоң бузуучусу» болуп калды»,-деди.

Ванг «Бир Кытай» принциби эл аралык мамилелерди жөнгө салуучу негизги норма жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки (1939-1945) эл аралык тартиптин негизги элементтеринин бири экенин айтты.



Тектеш кабарлар