Иракта ДЕАШ кол салды

Кол салууда 5 аскер шейит болду.

1863335
Иракта  ДЕАШ кол салды

Ирактын Дияла облусунун чыгышында Ирак армиясынын байкоочу пунктуна террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрү тарабынан жасалган кол салууда 5 аскер шейит болду.

Ирак өкмөтүнө караштуу Коопсуздук медиа тармагынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, ДЕАШ мүчөлөрү Каратепе шаарына жакын жердеги байкоо пунктуна куралдуу кол салышты.

Маалыматта террористтер тарабынан байкоо пунктуна жасалган кол салууга ирактык аскерлер тарабынан жооп берилгени жана кагылышуунун жарым саатка жакын созулганы белгиленди.

Кол салууда 5 аскердин каза болгондугу, 3 аскердин жараланганы билдирилген маалыматта кол салгандарды кармоо үчүн аймакта операциянын башталганы билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар