АКШ - Индонезия биргелешкен машыгуусу

АКШ жана Индонезия армиялары Кытай менен болгон чыңалууга карабастан Суматра аралында биринчи жолу башка өлкөлөрдүн да катышуусу менен аскердик машыгууларды баштады.

1862999
АКШ  -  Индонезия  биргелешкен машыгуусу

АКШ жана Индонезия армиялары Кытай менен болгон чыңалууга карабастан Суматра аралында биринчи жолу башка өлкөлөрдүн да катышуусу менен аскердик машыгууларды баштады. 

АКШнын Жакарта элчилигинен берилген маалыматта бул машыгуулардын эркин жана ачык Индо  -  Тынч океан саясатын колдоо үчүн бирдикте өз ара аракеттенүү, жөндөмдүүлүк, ишеним жана кызматташтыкты колдоо максатында иштелип чыкканы белгиленди.

АКШнын Тынч океан армиясынын командири, генерал Чарльз Флинн : "Бул АКШ  -  Индонезия байланышынын бул маанилүү аймакта кургактык күчтөрүнүн арасында өсүп бара жаткан карым  - катнаштардын символу. Анткени кургактык күчтөрү, аймактын коопсуздук архитектурасын бири бирине байланыштырат",- деди. 

АКШ Индонезия, Австралия, Япония жана Сингапурдан 5 миңден ашуун аскердин катышуусу менен ишке ашырылган машыгуулар "2009 -  жылдан бери аймактагы эң чоң машыгуу" катары көрсөтүлүүдө. 

Флинн жана Индонезия армиясынан армиянын генералы Андика Перкаса биргелешкен машыгууларды Түштүк Суматра штатындагы Батуража шаарында азем менен баштатышты.

Армия деңиз флоту, аба күчтөрү жана деңиз машыгууларын камтыган биргелешкен машыгуулар 14 -  августка чейин улантылат. 

 



Тектеш кабарлар