Кувейтте жаңы өкмөт ант берди

Кувейттин расмий агенттиги KUNAдагы кабарга караганда мураскер принц Сабах жаңы премьер-министр Шейх Ахмед Неваф ел - Ахмед ес -Сабах   жана министрлерди кабыл алды.

1862806
Кувейтте  жаңы өкмөт ант берди

Кувейтте жаңы өкмөт мураскер принц Шейх Мешаль ел  - Ахмед ел  - Сабир ес  - Сабахтын алдында ант берди. 

Кувейттин расмий агенттиги KUNAдагы кабарга караганда мураскер принц Сабах жаңы премьер-министр Шейх Ахмед Неваф ел - Ахмед ес -Сабах   жана министрлерди кабыл алды.

Жаңы өкмөттүн мураскер принц Сабахтын алдында ант берүү аземине мамлекеттин жогорку деңгээлдеги жетекчилери да катышты. 

Мураскер принц Сабах   кабинеттин жаңы  мүчөлөрүнө кайрылып сүйлөгөн сөзүндө абдан чоң күчтү талап кылган бул маанилүү этапта мекенге жана жарандарга карата чоң жоопкерчиликтер жана  аманат менен бетме  - бет экендерин белгиледи.

Өлкөдөгү өнүгүү процессинин даярдалышы үчүн биримдик ичинде командалык руху менен иштөө керектигин баса белгилеген Сабах конституцияга, мыйзамдарга жана эрежелерге сый көрсөтүлүүсү; жарандардын министрликтерде жана мамлекеттик мекемелерде кездешкен маселелерге токтолуу жана чечүүчү жолдун табылышы кеерктигин баса белгиледи. 

Кувейтте кечээ Шейх Ахмед Невваф ел  -  Ахмед ес  - Сабахтын жетекчилигинде жаңы өкмөттүн курулгандыгы билдирилген.

Жаңы өкмөттө маданият жана информация министрлигине дайындалган Абдуррахман ел  -  Матиринин тышында 11 министрдин мурунку өкмөттө орун алгандыгы белгиленди.  

Кувейт эмири Шейх Неваф ел  -  Ахмед ел  -  Жабир ес  - Сабах 25 -  июлда улуу уулу Шейх Ахмед Неваф ел  -  Ахмедди жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирген. Шейх Ахмед Неваф мындан мурда вице  - премьер  - министрлик жана ички иштер министрлиги кызматын аткраган. 



Тектеш кабарлар