Ирандын атомдук энергия боюнча иш-аракеттери...

Ирандын мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Бехруз Кемалвенди өлкөнүн өзөктүк энергетика боюнча изилдөөлөрүндөгү акыркы абалга баа берди.

1862540
Ирандын атомдук энергия боюнча иш-аракеттери...

 

Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Бехруз Кемалвенди уранды байытуучу жүздөгөн алдыңкы жана жаңы муундагы центрифугаларды иштетүү жана аларга газ куюу буйругу берилгенин билдирди.

Ирандын мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Бехруз Кемалвенди өлкөнүн өзөктүк энергетика боюнча изилдөөлөрүндөгү акыркы абалга баа берди.

Жүздөгөн IR1 жана IR6 өнүккөн жана жаңы муундагы уран байытуучу центрифугалардын иштешине жана газ куюлушуна буйрук берилгенин белгилеген Кемалвенди, Эл аралык атомдук энергия агенттигинин да бул темада кабардар болгонун айтты.

Кемалвенди, бул кадамдын санкцияларды жоюу, Ирандын кызыкчылыктарын коргоо жана өлкөнүн муктаждыгы болгон 190 миң SUлук байытуу деңгээлине жетиши үчүн Иранда күчүнө кирген «Стратегиялык иш-аракет мыйзамынын» ишке ашырылышына ылайык ташталганын айтты.

Басма сөз катчысы Кемалвенди белгилегендей, 500 IR6 центрифугасын ишке киргизүү үчүн 10-15 күн керектелет.

Бул билдирүүнүн Ирандын өзөктүк иш-аракеттеринен улам киргизилген санкцияларды алып салуу үчүн жүргүзүлгөн жана бир аз убакытка токтотулган Вена сүйлөшүүлөрүнүн кайра жандануусу күн тартибине келген учурда жасалганы көңүл бурду.



Тектеш кабарлар