Суданда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру аныкталды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 27-июлдагы билдирүүсүндө 78 өлкөдөн 18 миңден ашуун учурдун тастыкталганы, оорулардын 70% Европа аймагында жана 25% Америка чөлкөмүндө экени айтылган.

1861840
Суданда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру аныкталды

Суданда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Улуттук лабораторияда (Стек) жасалган тест жыйынтыгына караганда, Батыш Дарфур облусундагы маймыл чечек оорусунун биринчи учурунун 16 жаштагы окуучуда байкалганы белгиленди.

Билдирүүдө, ооруга шектелгендердин санынын 38ге жеткени, Батыш Дарфур обулусундагы учурдан тышкаркылардын баарынын тестти терс чыкканы билдирилди.

Эндемикалык вирус себептүү сейрек кездешүүчү оорулардын бири катары белгилүү болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп экиге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кеээде адамдан адамга жугуучу вирус дене табын көтөрүп, кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) 23-июлда бүткүл дүйнөгө жайылышын улантып жаткан маймыл чечеги эпидемиясын Эл аралык коомдук саламаттыкты сактоонун өзгөчө кырдаалы (PHEIC) деп жарыялаган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 27-июлдагы билдирүүсүндө 78 өлкөдөн 18 миңден ашуун учурдун тастыкталганы, оорулардын 70% Европа аймагында жана 25% Америка чөлкөмүндө экени айтылган.



Тектеш кабарлар