Пелоси Тайванга сапар жасайбы?

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен, борбор шаар Пекиндеги күнүмдүк басма сөз жыйынында Пелосинин иш сапарынын программасына сереп салды.

1862244
Пелоси Тайванга сапар жасайбы?

Кытай Америка Кошмо Штаттардын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин эгемендик талашы бар Тайванга мүмкүн болуучу сапарын камтыган маршрутуна «кунт коюп карап жатканын» билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен, борбор шаар Пекиндеги күнүмдүк басма сөз жыйынында Пелосинин иш сапарынын программасында Тайвандын аты аталбаганы боюнча суроосуна берген жообунда: «Биз Конгресстин билдирүүсүн жана Пелосинин командасынын Твиттердеги билдирүүлөрүн көрдүк. Сапардын күн тартибин кылдаттык менен көзөмөлдөп жатабыз»,-деди.

Парламент төрайымынын расмий сайтында кечээ жарыяланган билдирүүдө Пелосинин 5 кишилик Конгресс делегациясы менен Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея жана Японияга бара турганы билдирилип, Тайван тууралуу сөз болгон жок.

Тайвань сапарына байланыштуу олуттуу тынчсыздануулары бар экенин жана буга кайра-кайра каршы экендиктерин баса белгилеген басма сөз катчысы Као: «Мүмкүн болгон визит Кытайдын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу менен анын ички иштерине ачык кийлигишүү болуп саналат. Эгерде Пелоси визит жасоону талап кылса, анын кесепети оор болот»,-деп айтты.

Президент Си Цзиньпин 28-июлда АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Кытайдын Тайвань маселеси боюнча позициясы боюнча «эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоо 1,4 миллиард кытайдын жалпы эрки экенин, элдин эркин бузууга болбой турганын,от менен ойногондордун күйө турганын» баса белгилегенин эске салган Цао: «Биз АКШ тарапка Кытай ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр болорун, кытай армиясы эч качан бош турбай турганын эскертебиз. Кытай тарап өзүнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн зарыл чараларды көрөт»,-деп айтты.

Америкалык жана тайвандык маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, Пелоси өз графигинде болбосо да аралды визит кылары айтылууда.



Тектеш кабарлар