Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1862134
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Харьковдо Америка Кошмо Штаттары (АКШ) чыгарган 2 даана көп стволдуу HIMARS ракета аткычтары менен Одесса аймагындагы «Харпун» кемеге каршы ракета системасын атышкандарын айтты.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Орус аба күчтөрүнүн Харьковго жакын жердеги 92 механикалаштырылган бөлүктүн убактылуу отурукташкан жерлерине жана 200гө жакын украин күчтөрүнө жогорку тактыктагы куралдар менен сокку урганын белгилеген Конашенков, Харьков жана Запорожье багытында украин аскерлеринин жоготууларынан улам бул түзүмдөрдүн алсыздыктары болгонун айтты.

Харьковдогу Украинанын Energy Machinery заводунун аймагында АКШдан жасалган 2 даана HIMARS көп стволдуу ракета аткычтарын жогорку тактыктагы куралдар менен жок кылгандарын белгилеген Конашенков, айрыкча 53 чет элдик жалданма согушкер менен украин улутчул күчтөрүнүн да таасирсиз абалга келгенин белгиледи.

Одесса аймагындагы Великий Дальник отурукташуу жерине жакын жерде Америкада жасалган «Харпун» кемеге каршы ракета системасын да жок кылгандарын белгилеген Конашенков, Орусиянын абадан коргонуу системаларынын Украинанын 9 учкучсуз учуучу аппаратын бир күндө Украинанын ар кайсы жеринде атып түшүргөнүн белгиледи.

Конашенков:«Учурда Украинага таандык 261 учак, 145 тик учак, 1659 учкучсуз учуучу аппарат, 361 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4215 танк жана бронетехника, 778 көп стволдуу ракета аткычтар, 3234 гаубицалар жана минометтор, 4621 жеке менчик аскердик техникалар жан унаалар жок кылынды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар