Ливияда күйүүчү май ташыгычтан чыккан өрттөн 7 адам каза болду
Бейт-Бейе муниципалитетинин Завие шаарында жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда зыянга учураган танкерден күйүүчү май ташылып жатканда өрт чыккан.
1862243
Ливиянын түштүгүндө күйүүчү май ташыган танкерде чыккан өрттөн 7 киши каза болду.
Бейт-Бейе муниципалитетинин Завие шаарында жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда зыянга учураган танкерден күйүүчү май ташылып жатканда өрт чыккан.
Окуяда 7 кишинин каза болгонун, 40 кишинин жараланганын билдирген булактар катуу күйүктөн улам өздүгү азырынча аныктала электигин белгиледи.
Өрттүн келип чыгуу себептери тууралуу толук маалымат берилген жок.