Евробиримдиктен Украинага 1 млрд евролук колдоо

Урсула фон дер Ляйен Украинанын экономикасына жардам берүү үчүн даярдалган макрофинансылык колдоо тууралуу билдирди.

1862116
Евробиримдиктен Украинага 1 млрд евролук колдоо

Европа Биримдиги (ЕБ) Украинага 1 миллиард евролук колдоо көрсөттү.

Евробиримдик Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен өзүнүн социалдык медиа аккаунтунда Украинанын экономикасына жардам берүү үчүн даярдалган макрофинансылык колдоо тууралуу билдирүү бөлүштү.

Фон дер Ляйен: «Украинага 500 миллион евро кошумча макро-каржылык жардам бердик» деп айтып, эртең Украинага дагы 500 миллион евро жөнөтө тургандарын маалымдады. 

Фон дер Ляйен: «Бул 1 миллиард евро Украинанын чукул каржылык муктаждыктарын канааттандырып, өлкөнүн күчтөндүрүлүшүнө жардам берет»,-деди. 

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы фон дер Ляйен июнь айында Украинага жаңы колдоо көрсөтө тургандарын, ушул алкакта 2022-жылы 9 миллиард еврого чейин жаңы макро каржылык жардам берүүгө даярданып жатышканын кабарлаган. 

Акыркы колдоо менен Украина-Орусия согушу башталгандан бери Евробиримдиктин Украинага көрсөткөн макрофинансылык колдоосунун жалпы суммасы 2,2 миллиард еврого жетти.



Тектеш кабарлар