Зеленский Донецк облусун мажбур түрдө эвакуациялоо чечимин чыгарды

Зеленский эвакуацияга байланыштуу бардыгы пландалганын айтты.

1861638
Зеленский Донецк облусун мажбур түрдө эвакуациялоо чечимин чыгарды
Donetsk Tahliye Ukrayna.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусун мажбур түрдө эвакуациялоо чечимин чыгарды.

Украинанын президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Зеленский Донецктен милдеттүү эвакуациялоо өкмөттүн чечими экенин айтты.

Зеленский эвакуацияга байланыштуу бардыгы пландалганын айтты.

Логистика жана төлөм пункттарында да колдоо жана жардам көрсөтүлөрүн белгилеген Зеленский эвакуация тууралуу чечими жоктор чечиши керектигин айтты.

Президент Зеленский чечкинсиздерге кайрылып: «Баргыла, биз жардам беребиз»,-деп айтты.

Көптөгөн адамдардын аймактан чыгуудан баш тартканын, бирок мунун чындап жасалышы керектигин белгилеген Зеленский: «Эмне болсо да, мага ишенгиле»,- деди.

Орусия 24-февралда кол салган Украинанын Донецк фронтунда кызуу кагылышуулар уланууда.

 



Тектеш кабарлар