Украина : "Орустар Оленовка абагын бомбалады"
Кулеба Эл аралык Кызыл Крест Комитетин да укрианалык туткундардын абалын көзөмөлдөөгө чакырды.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба орустардын украиналык туткундар жаткан Оленовка абагын бомбалаганын билдирди.
Кулеба Твиттердеги баракчасында ондогон украиналык туткун аскерлери каза болгон Оленовка абагындагы кол салуудан улам Бириккен Улуттар Уюмунун Россияга каршылык көрсөтүшү керектигин айтты.
Кулеба : "Украиналык аскерлердин Азовсталдан эвакуацияланышын жеңилдеткен БУУну Россияны Оленовка абагын бомбалаганы үчүн катуу айыптоого жана бул жийиркеничтүү кылмыштын бардык чындыктарын ортого чыгаруу үчүн аймакка барууга чакырам",- деди.
Кулеба Эл аралык Кызыл Крест Комитетин да укрианалык туткундардын абалын көзөмөлдөөгө чакырды.
Россия болсо сөз болуп жаткан абакты Украина күчтөрүнүн бомбалагандыгын жактап жатат.
Россиянын коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков Украина армиясынын Оленовка отурукташуу жеринин жакындарында туткунга түшкөн украиналык аскерлер кармалган абакка АКШда жасалган жогорку тактыктагы артеллериялык ракета системасы HIMARS менен ракета атылгандыгын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.