Макрон менен Бин Салман жолугушту

Жолугушууда глобалдык ысыктык, Украина согушу жана Ирандын өзөктүк келишими да талкууланды.

1861434
Макрон менен Бин Салман жолугушту

Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Франциянын борбор шаары Парижде жолугуп, глобалдык ысыктык, Украина согушу жана Ирандын өзөктүк келишимин талкуулашты.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Макрон менен Бин Салмандын эки өлкөнүн карым - катнаштарын күчтөндүрүү жана климат кризиси сыяктуу глобалдык жана аймактык маселелер менен күрөшүүдө пикир алмашууну каалагандары белгиленди.

Жолугушууда глобалдык ысыктыктан тышкары Украина согушу жана Ирандын өзөктүк келишими да талкууланды.

Макрондун айрыкча Украина согушунан кийин орус газына болгон көз карандылыгын азайтууну көздөгөн Европа өлкөлөрүнүн «энергия менен камсыздоону диверсификациялоо үчүн Сауд Арабия баштаган координацияны улантуусунун» маанилүүлүгүн баса белгилегени маалымдалды.



Тектеш кабарлар