Ливиядагы БУУнун миссиясынын мөөнөтү узартылды

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Ливиядагы БУУнун миссиясынын кызмат мөөнөтүнүн 31 -  октябрга чейин 3 айга узартылышы бекитилди.

1861083
Ливиядагы БУУнун миссиясынын мөөнөтү  узартылды

Ливиядагы БУУ миссиясынын мөөнөтү дагы 3 айга узартылды. 

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Ливиядагы БУУнун миссиясынын кызмат мөөнөтүнүн 31 -  октябрга чейин 3 айга узартылышы бекитилди. 

Ливияда аскердик чечүүчү жолдун табыла албагандыгы белгиленген чечимде БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин да Ливияда өзү үчүн атайын өкүлчүлүк дайындоосу талап кылынды. 

АКШ болсо миссиянын кызмат мөөнөтүнүн бир жылдын ордуна 3 айга узартылышына ыраазы эмес. 

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд Россиянын 3 айлык мөөнөт тууралуу катуу турушуна карышылык көрсөтүп, чечимдин миссиянын узун мөөнөттүү пландарын ишке ашырууну кыйындаткандыгын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар