Байден - Си Цзиньпин сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен кытайлык кесиптеши Си Цзиньпиндин ортосунда 2 саат 17 мүнөткө созулган телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

1861067
Байден  - Си Цзиньпин сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен кытайлык кесиптеши Си Цзиньпиндин ортосунда 2 саат 17 мүнөткө созулган телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Байдендин 2021-жылдын январь айында кызматка киришкенден берки Си менен бешинчи сүйлөшүүсүндө  эки өлкөнүн мамилелери талкууланды.

 

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасай турган сапарын билдириши   эки өлкөнүн ортосунда тирешүүнү жаратты.

Ак үйдүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча директору Жон Кирби мурунку күнкү билдирүүсүндө Кытайдын Тайванга жана Индо-Тынч океан аймагына каршы «агрессивдүү позициясы», экономикалык карым-катнаштардагы чыңалуунун  жана Кытайдын  24-февралдан бери уланып жаткан Россия  -  Украина  согушуна каршы мамилесинин талкууланарын билдирген.

Байден азырынча бул тууралуу чечим чыгара электигин билдирсе да АКШнын Кытайга карата бажы салыктарын жоюп же жойбой тургандыгы да бул сүйлөшүүдө  күн тартибине келиши күтүлүп жаткан. Бир тараптан Кытайдын мамлекет башчысы Си сүйлөшүүдө АКШнын президенти Байданге Тайван тууралуу чет элдик кийлигишүүнүн кабыл алынбай тургандыгын белгилеп : "От менен ойногон өзүн отко салат",- деди. 

Кытай басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Си өз өлкөсүнүн Тайвандын көз карандысыздыгы үчүн кыймылдарга жана ар кандай формадагы чет элдик кийлигишүүгө каршы чыга турганын билдирди.

Си : "Кытай өкмөтү жана калкынын Тайвань тууралуу позициясы ырааттуу; улуттук эгемендикти жана жеринин бүтүндүгүн коргоо, 1,4 миллиарддан ашуун кытайлыктын орток эрки. Элдин эрки тебеленбейт. От менен ойногон өзүн отко салат",- деди. 

 

Кытайдын мамлекет башчысы  АКШны «бир Кытай» принцибин жана АКШ менен Кытайдын дипломатиялык мамилелеринин негизин түзгөн биргелешкен Үч биргелешкен декларациядагы милдеттенмелерин сөз жүзүндө да, иш жүзүндө да сактоого чакырды.

Эки лидердин сүйлөшүүсү  АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Кытай менен эгемендик боюнча келишпей жаткан Тайванга барат деген кабарлар курчуп турган маалда болду. 

 

 



Тектеш кабарлар