Шри - Ланкада өзгөчө кырдаал узартылды
Мамлекет башчысы Ранил Викрмесингхе тарабынан 17 - июлда жарыяланган өзгөчө кырдаалдын узартылышы үчүн парламентте добушка коюлду.
Тарыхындагы эң оор экономикалык кризистердин бири менен бетме - бет келген жана ушул себептен митингдер болгон Шри - Ланкада өзгөчө кырдаал 1айга дагы узартылды.
Мамлекет башчысы Ранил Викрмесингхе тарабынан 17 - июлда жарыяланган өзгөчө кырдаалдын узартылышы үчүн парламентте добушка коюлду.
225 орундуу парламенттеги добуш берүүдө 63 кабыл болбогон добушка каршы 120 "кабыл" добуш менен өзгөчө кырдаалдын 1 айга узартылышы кабыл алынды.
Сөз болуп жаткан өзгөчө кырдаал коопсуздук күчтөрүнө камакка алуу, элге ачык жыйындарды чектөө жана жеке менчитерди тинтүү жоопкерчилигин берүүдө.
Шри - Ланкалыктар өлкө ичинде болгон финансылык абалга жана күйүүчү май кыйынчылыгына карата митингдер март айынын акырында күч алган.
Зордук - зомбулуктан кийин бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат жарыяланып, өкмөт нааразылык акциялары учурунда коомдук мүлккө же башкаларга зыян келтирген адамдарды атууга буйрук берген.
Экономикалык кризис курчуп турган Шри-Ланкада демонстранттар 9-июлда премьер-министрдин резиденциясына кирип, имаратты өрттөшкөн.
Мурдагы президент Готабая Раджапакса жубайы жана эки жан сакчысы менен 13-июлда Мальдив аралдарына, андан кийинки күнү да Сингапурга кеткен.
Раджапакса кызматтан кетүү тууралуу арызын 14 - июлда электрондук почта аркылуу жөнөткөн. Андан кийин 20 - июлда Шри - Ланканын парламентинде болгон добуш берүүдө убактылуу мамлекет башчысы жана премьер - министр Ранил Викремесингхе өлкөнүн жаңы мамлекет башчысы болгон.