Иран жаңы өзөктүк изилдөө реакторун курууда

Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин төрагасы Мухаммед Ислами, Исфахан облусундагы уранды байытуу ишканасына барды.

1860573
Иран жаңы өзөктүк изилдөө реакторун курууда

Иран Исфахандагы атомдук ишканада жаңы өзөктүк изилдөө реакторун кура турганын билдирди.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин төрагасы Мухаммед Ислами, Исфахан облусундагы уранды байытуу ишканасына барды.

Бул жердеги билдирүүсүндө жаңы өзөктүк изилдөө реакторунун курула турганын жарыялаган Ислами, берки реакторлордун күйүүчү май сыноолорун жүргүзүү үчүн курула турган изилдөө реакторунун өлкөнүн эң чоң өзөктүк объектилердин бири болгон Исфахандагы ядролук технология борборунун ичинде орун ала турганын айтты.

Долбоордун «толугу менен ата мекендик» экенин билдирген Ислами, өлкөсүнүн өзөктүк программасын алдыга жылдыруу үчүн жергиликтүү электр станцияларынын кубаттуулугун жогорулатууну каалашкандарын, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө жаңы атомдук станциялар үчүн ылайыктуу аймактардын бар экенин кабарлады.

Мухаммед Ислами өлкөсүнүн өзөктүк программасынын тынчтыкчыл жана жарандык максаттарды гана көздөгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар