Индияда бир жумада чагылгандан 49 киши каза болду

Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн улам штат өкмөтү чагылгандан коргонуунун жолдору тууралуу жаңы көрсөтмөлөрдү жарыялады.

1860814
Индияда бир жумада чагылгандан 49 киши каза болду

Индиянын түндүгүндөгү Уттар  - Прадеш штатында бир жуманын ичинде чагылгандын түшүшү менен 49 киши каза болду. 

Полициянын  берген билдирүүсүнө караганда акыркы жолу Каушамби шаарындагы бир айылда чагылгандын түшүшү менен көпчүлүгү дыйкандар болгон 7 кишинин каза болушу менен бул жумада чагылгандан улам каза болгон киши саны 49га жетти. 

Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн улам штат өкмөтү чагылгандан коргонуунун жолдору тууралуу жаңы көрсөтмөлөрдү жарыялады. 

Индиянын метеорология департаментинин маалыматы боюнча, апрель айынан бери өлкөдө чагылгандын айынан 750гө жакын адам каза болду.

Акыркы эки күндүн ичинде эле Бихар штатында чагылгандын кесепетинен 20 адам каза болсо, ушул айдын башында Мадхья-Прадеш штатында 16 адам каза болгон.

Илим жана экологияны коргоо борборунун башкы директору Сунита Нарайн глобалдык жылуулуктун чагылгандын көбөйүүсүндө роль ойноп жатканын айтты.

Абанын температурасынын бир градуска жогорулашы чагылган түшүү ыктымалдыгын 12 эсеге жогорулатканы айтылууда. 

 

 



Тектеш кабарлар