Эң көп Ковид - 19 бейтабы Японияда

Өтө жугуштуу деп билдирилген омикрондун BA.5 суб-варианты кеңири таралган Японияда Ковид-19 эпидемиясынын 7-толкуну башталууда.

1860538
Эң көп Ковид  - 19 бейтабы Японияда

 Япония өткөн жумада 969 миңден ашуун бейтап менен «дүйнөнү эң көп Ковид  - 19  бейтабы болгон өлкөсү» болгондугун билдирди.

Киодо агенттигинин кабарына караганда, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун билдирүүсүндө Япониядан кийин болжол менен 860 миң бейтап менен Америка Кошмо Штаттарынын жана 570 миң бейтап менен Германиянын келгени белгиленди.

Билдирүүдө Японияда 24 - июлга чейин бир жумада 969 миңден ашуун жаңы учур катталып, "дүйнөдөгү эң көп жаңы коронавирус бейтабы катталган өлкө" болгону айтылды.

Өтө жугуштуу деп билдирилген омикрондун BA.5 суб-варианты кеңири таралган Японияда Ковид-19 эпидемиясынын 7-толкуну башталууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс кечээки маалымат жыйынында эпидемиянын бүтө электигин айтты.

Акыркы жумаларда дүйнө жүзү боюнча каза болгондордун санынын көбөйүшү жана кээ бир өлкөлөрдө ооруканага жаткандардын көбөйүшү менен медицина кызматкерлери менен кары-картаңдарды эмдөө зарыл экендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар