Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Игорь Конашенков Украинадагы согушта орусиялык аскер бөлүктөрүнүн чабуулдары тууралуу маалымат берди.

1860234
Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинанын Днепр аймагында Америка өндүрүшү 100дөн ашуун жогорку тактыктагы артиллериялык ракета системасы HIMARS ракетасынын жок кылынганын билдирди.

Игорь Конашенков Украинадагы согушта орусиялык аскер бөлүктөрүнүн чабуулдары тууралуу маалымат берди.

Орус армиясынын Украинадагы аскерий элементтерге каршы чабуулдарын улантып жатканын белгилеген Конашенков, Николайев шаарында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 28-механикалаштырылган бригадасы менен 79-аба чабуулу бригадасы убактылуу жайгашкан борборго жогорку тактыктагы куралдар менен кол салуу жасалганын жана бул чабуулда 200гө жакын жоокер менен 20дан ашык аскердик техниканын жок кылынганын кабарлады.

Артёмовск облусунда Украина армиясынын 10-тоо бригадасынын бир бөлүгүнүн толугу менен жок кылынганын белгилеген Конашенков: «24-июлда Днепр облусундагы Любимивка конушунун жанындагы ок-дарылар сакталган кампага Орусиянын авиация күчтөрүнүн чабуулунан америкалык өндүрүштөгү 100дөн ашык артиллериялык HIMARS ракетасы жок кылынды. Ошондой эле аскер объектисин кайтарган 120 жоокер, чет элдик жалданма согушкерлер жана техникалык адистер зыянсыздандырылды»,- деди.

Орус өкүлү: «24-февралдан бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 260 учак, 145 тик учак, 1622 учкучсуз учуучу аппарат, 358 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4 миң 167 танк жана бронетехника, 763 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 203 гаубица жана минометтор, 4 миң 494 аскердик унаалар жок кылынды»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар