Индияда чагылган: 20 адам каза болду

Индияда муссондук жамгырлар учурунда чагылгандын себебинен жыл сайын жүздөгөн адамдар каза болот.

1859914
Индияда чагылган: 20 адам каза болду

Индиянын чыгышындагы Бихар облусунун 8 районунда чагылган түшүп 20 киши каза болду.

Облустун түндүк аймактарында шаршемби жана бейшемби күндөрү нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүүдө.

Бихардын премьер-министри Нитиш Кумар нөшөрлөгөн жамгырдан улам коомчулуктан өкмөттүн табигый кырсыктарды башкаруу органынын сунуштарын кылдат аткарууну суранды.

Нитиш Кумар чагылгандын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө да 400 миң рупий төлөнүп берилгенин билдирди.

Индияда муссондук жамгырлар учурунда чагылгандын себебинен жыл сайын жүздөгөн адамдар каза болот.



Тектеш кабарлар