Эң байыркы жырткыч жаныбардын фоссили табылды

Оксфорд университетинин окумуштууларынын изилдөөсү "Nature Ecology and Evolution" журналында жарыяланды.

1859643
Эң байыркы жырткыч жаныбардын фоссили табылды

Британияда белгилүү болгон эң байыркы жырткыч жаныбардын фоссили табылды.

Илимпоздор 2007-жылы табылган фоссилдин 15 жылдык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болгон эң байыркы жырткычка таандык экенин аныкташты.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Лестерширдеги Чарнвуд токоюнда табылган 560 миллион жылдык үлгүнүн учурда медузаны да камтыган «cnidaria» түрүнүн баштапкысы экени болжолдонууда.

Сэр Дэвид Аттенборонун урматына "Auroralumina attenboroughii" деп аталган жана кембрийге чейинки мезгилге таандык деп эсептелген фоссил, жаныбарлар дүйнөсүндө болжол менен 20 миллион жыл мурунку жырткычтыктын далилдерин көрсөтөт.

20 сантиметр узундуктагы фоссилдин ошол эле учурда чыныгы скелети бар бир организмдин биринчи үлгүсү экени болжолдонууда.

Оксфорд университетинин окумуштууларынын изилдөөсү "Nature Ecology and Evolution" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар