Евробиримдиктен Украинага каржылык колдоо

Урсула фон дер Ляйен каржылык колдоо пакети тууралуу маалымат берди.

1859306
Евробиримдиктен Украинага каржылык колдоо

Европа Биримдиги (ЕБ) Украинага 1 миллиард 590 миллион евролук каржылоону бекитти.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа эсебинен Орусия-Украина согушунда Украина экономикасына жардам берүү үчүн даярдалган жана ЕБ бюджетинен салым кошо турган каржылык колдоо пакети тууралуу маалымат берди.

Фон дер Ляйен Украинага 1 миллиард 590 миллион евролук каржылоону камтыган пакеттин Европа инвестиция банкы (EIB) тарабынан жактырылганын айтып: "1 миллиард евро дароо бошотулат",-деди. 

Фон дер Ляйен Украинанын жанында экендиктерин белгилеп, каржылоонун инфраструктуранын курулушуна жана кызматтардын уланышына жумшала турганын билдирди.

Евробиримдик Комиссиясынын төрайымы фон дер Ляйен өткөн айда Украинага жаңы колдоо көрсөтө тургандарын жарыялаган жана ушул алкакта 2022-жылы 9 миллиард еврого чейин жаңы макрофинансылык жардам берүүгө даярданып жатышканын кабарлаган эле. 



Тектеш кабарлар