Японияда маймылдар кол салды

Маймылдар Японияда 42 кишини жаралады.

1859521
Японияда маймылдар кол салды

Япониянын Ямагучи шаарында маймылдардын кол салуусунан балдар жана кары - картаңдар болгон 42 адам жаралангандан  кийин полицияларга эс оодаруучу тапанча таратылды.

Муниципалитеттин бир жетекчиси : "Мынчалык кыска убакытта, мынчалык көп кол салууну көргөн эмеспиз. Эң башта балдар менен аялдарды бутага алып жатышкан, андан кийин кары  - картаңдар менен эркектерге да кол сала башташты",- деди. 

Июль айынын башында болгон биринчи окуялардан кийин кол салуучу маймылдарды кармоо үчүн тузак курулса да бир ишке жараган жок. Жетекчилер кол салуулардын аркасында бир эле маймылбы же бир маймыл тобу барбы аны да аныктай алган жок. 

Жергиликтүү басма сөздүн билдиргенине караганда кол салууга учурагандардын айрымдары моюн, бут, кол же курсактарынан жаракат алган, айрымдарынин терилери чийилген.  

Маймылдардын терезе жана каалгаларды ачып үйлөргө жана бала бакчаларга киргендиги, имарттардын ичиндеги кичинекей балдарды жаралагандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар