Песков дан ташуу боюнча маалымат берди

Орусиянын Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге дан ташуу боюнча маалымат берди.

1859280
Песков дан ташуу боюнча маалымат берди

Орусиянын Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын Одесса портундагы аскердик инфраструктурага гана чабуул койгонун айтты.

«(Чабуулдар) дан ташуу келишимдерин ишке ашыруу үчүн колдонулган инфраструктурага эч кандай тиешеси жок. Бул жүк ташуу процессинин башталышына таасир этпейт жана болбошу керек»,-деди ал.

Песков президент Режеп Таййип Эрдогандын көзөмөлүндө Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда жума күнү кол коюлган «Украина портторунан дан жана азык-түлүктүн коопсуз ташуу демилгеси документине» байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берди.

Песков эгин ташуу боюнча келишимдерге жетишүү үчүн абдан кызуу иштердин башталганын айтып:«Бирок биз бул макулдашууларга ылайык түзүлгөн механизмдердин иштешине баа бергиче күтө туралы»,-деди.

Орусиянын дан жана жер семирткич өндүрүүчүлөрүнө кыйыр чектөөлөр боюнча БУУнун да өз милдетин аткарышы керектигине көңүл бурган Дмитрий Песков: «Түздөн-түз чектөөлөр жок, бирок эл аралык рыноктор үчүн, өзгөчө ачарчылык күчөй баштаган аймактар ​​үчүн өтө зарыл болгон бул жүктөрдү толугу менен ишке ашырууга тоскоол болгон кыйыр чектөөлөр бар. Бул чынында эле маанилүү»,-деп айтты.

Песков ошондой эле Орусиянын 23-июлда Одесса портуна ракеталык чабуулуна байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирди: «Бул чабуулдар аскердик инфраструктурага гана тиешелүү. Анын эгин ташуу келишимдерин ишке ашыруу үчүн колдонулган инфраструктурага эч кандай тиешеси жок. Бул жүк ташуу процессинин башталышына таасир этпейт жана болбошу керек».



Тектеш кабарлар