Израиль аскерлери палестиналыктарга карай чыныгы ок атты

Израилдик күчтөр Наблустун Эски шаарына чабуул жасап, палестиналыктардын үйүн блокадага алды.

1858672
Израиль аскерлери палестиналыктарга карай чыныгы ок атты

Израиль аскерлеринин басып алган Батыш Шериада палестиналыктарга чыныгы жана желим ок менен аткылоосунда Наблуста 2 киши каза болуп, 6 киши жараланды.

Израилдик күчтөр Наблустун Эски шаарына чабуул жасап, палестиналыктардын үйүн блокадага алды.

Окуяга каршы чыккан палестиналыктарга чыныгы ок атылып жана көздөн жаш агызуучу газ менен жооп кайтарылды.

Окуяда 2 адам каза болуп, 6 адам жаракат алды.

Аймакта жарылуулар да угулду.

Израиль күчтөрү Батыш Шерианын Кефр Каддум жергесиндеги жерлерин басып алуу пландарына каршы чыккан палестиналыктарга да чыныгы жана желим ок менен кийлигишти.

кийлигишүү учурунда 11 жаштагы бала да болгон 5 палестиналык желим октон жараланды.

Атылган көздөн жаш агызуучу газдан 14 киши да жабыркады.

 



Тектеш кабарлар