Иран: «Моссадга караштуу тыңчылар кармалды»

Бул тууралуу Ирандын Чалгындоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.

1858675
Иран: «Моссадга караштуу тыңчылар кармалды»

Иран террордук жана диверсиялык чабуулдарды жасоо үчүн өлкөгө кирип кеткен Израилдин чалгын агенттиги Моссадга караштуу тыңчылар кармалганын жарыялады.

Чалгындоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Террордук чабуулдарды жасоо үчүн өлкөгө жөнөтүлгөн сионисттик режимдин тыңчылык уюмуна байланышы бар тыңчылардан турган желенин бардык элементтери алар пландаган иш-аракеттерин ишке ашыра электе чалгындоо бөлүмдөрү тарабынан аныкталып, камакка алынды»,-деген сөздөр орун алды. Билдирүүдө Моссад менен байланышта болгон тыңчылардын Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун (ИКАБ) чек аралары аркылуу Иранга киргени аныкталганы белгиленди.

Операцияда колго түшкөн агенттерге таандык курал-жарактар, жардыргыч заттар, техникалык жана байланыш каражаттары да колго түшүрүлгөнү билдирилди.



Тектеш кабарлар