ЙПГ/ПККнын Афринге ракеталык кол салуусунан 1 жаран каза болду

Түркия чек арасына 18 километр алыстыкта ​​жайгашкан Тель-Рыфат районун 6 жылдан ашуун убакыттан бери басып алган ЙПГ/ПКК жарандык отурукташуу жерлерин бутага алууну улантууда.

1858745
ЙПГ/ПККнын Афринге ракеталык кол салуусунан 1 жаран каза болду

Сириянын түндүгүндөгү аскер оппозициясынын көзөмөлүндөгү Африн районунда жеринен ажырагандар баш калкалаган брикет үйлөрүнө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын ракеталык кол салуусунан 1 жаран каза болуп, 3 жаран жараланды.

Түркия чек арасына 18 километр алыстыкта ​​жайгашкан Тель-Рыфат районун 6 жылдан ашуун убакыттан бери басып алган ЙПГ/ПКК жарандык отурукташуу жерлерин бутага алууну улантууда.

Тель-Рыфатта уя салган ЙПГ/ПКК террористтери Африндин түндүгүндөгү Кефер Женне менен түштүктөгү Анаб айылындагы жер которгондор баш калкалаган брикет үйлөрүнө ракеталар менен кол салды.

Теракттын натыйжасында 1 жай тургун набыт болуп, 3 жай тургун жаракат алды.

Окуя болгон жерде 3 брикет үйү талкаланса, аймактагы жарандар таштандыларды чыгарууга киришти.

ЙПГ/ПКК террористтери 2016-жылдын февраль айында Орусиянын абадан колдоосу менен Тель-Рыфат жана анын айланасындагы кээ бир конуштарды басып алышкан.

Террордук уюм 250 миңге жакын жаранды Тель-Рыфат жана айланасынан көчүүүгө мажбурлаган, айтылган калк Түркия чек арасына жакын аймактарга баш калкалаган.

Бул жерден ЙПГ/ПКК түрк коопсуздук күчтөрүнө, «Евфрат калканы» операциясы жана «Зайтун бутагы» операциясы аймагындагы отурукташуу жерлери менен коопсуздукту камсыздаган оппозициячыл согушкерлердин турумдарына кол салууда.



Тектеш кабарлар