ДССУ маймыл чечеги оорусунун эпидемиясын «Глобалдык өзгөчө кырдаал» деп жарыялады

ДССУнун башкы директору, доктор Тедрос Адханом Гебрейесус 21-июлда Швейцариянын Женева шаарындагы башкы кеңсесинде өткөн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жыйыны тууралуу маалыматты басма сөз кызматкерлерине билдирди.

1858644
ДССУ маймыл чечеги оорусунун эпидемиясын «Глобалдык өзгөчө кырдаал» деп жарыялады

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) маймыл чечеги оорусунун эпидемиясын «Глобалдык өзгөчө кырдаал» деп жарыялады.

ДССУнун башкы директору, доктор Тедрос Адханом Гебреисус 21-июлда Швейцариянын Женева шаарындагы башкы кеңсесинде өткөн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жыйыны тууралуу маалыматты басма сөз кызматкерлерине билдирди.

Гебреисус Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун ушул убакка чейин 75 өлкөдөн 16 миңден ашуун маймыл чечек учурун тастыктаганын белгилеп, вирустан 5 кишинин каза болгонун белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жыйынында вирустун коркунучтуу абалы боюнча бардык пикирлерди укканын белгилеген Гебреисус: «Комитет маймыл чечек оорусу эл аралык коомдук саламаттыкты сактоонун өзгөчө кырдаалын түзөт деген консенсуска келе алган жок»,-деп айтты.

Вирустун көптөгөн өлкөлөрдө биринчи жолу көрүнө баштаганын эске салган Гебреисус: «Вирус жаңы жугузуу ыкмалары менен дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылып жатат жана биз бул тууралуу өтө аз билебиз»,-деди.

Гебреисус ошондой эле вирус дүйнөдө акылга сыярлык деңгээлде жайылганы менен, Европада тезирээк жайылып жатканын баса белгилеп: «Ушул себептерден улам, мен маймыл чечек вирусу Эл аралык коомдук саламаттыкты сактоонун Өзгөчө кырдаалын түзөт деген жыйынтыкка келдим»,-деди.



Тектеш кабарлар